Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2023-жылдын 14-февралы № 10/ 8

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Насировдун билдирүүсү жөнүндө

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Насировдун билдирүүсүн угуп Сары-Колот айылынын № 1044 контурундагы кароосуз акыр-чикир төгүлүп жаткан кайрак жер айыл тургундарына ыңгайсыз жаратып, жердин кыртышы бузулуп жаткан 0,40 га жер аянтынын айланасында жашаган жарандарга зыян келтирбей максаттуу пайдаланып, жердин кыртышын оңдоо максатында жерди жеке жаранга берүү сунушун угуп талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Сары-Колот айылындагы № 1044 контурундагы кайрак 0,40 га жер аянты максаттуу пайдаланып, өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар Сары-Колот айылынын тургуну Молдоев Нургазы Ильязовичке берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

2. Жер аянтын тактап тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана тиешелүү мекеме ишканаларга милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун мыйзамдуулугун карап, көзөмөлдөө жагы Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А.Насировго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Молдоев