САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 11/ 1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жыйынтыгында
аткарган иштери жөнүндө отчету
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын 1 жылдык аткарган иштери боюнча жыл жыйынтыгындагы аткарылган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичинде аткарган иштерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Жылдын жыйынтыгында аткарылбай калган айрым жумуштар аткарууга алынсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Молдоев |