САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 11/ 2
Жергиликтүү бюджеттен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылга карата калган калдыкты бекитүү жөнүндөгү Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Б.Орозбаеванын жазган билдирүүсүн талкуулап, депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңешинин социалдык-экономика, инфраструктура, бюджет, салык, курулуш, транспорт жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген корутундусун эске алып, депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин 12-айга киреше бөлүгү -25594,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү – 21088,9 миң сомго аткарылып, 2023-жылга бюджеттен калган калдык 4505,8 миң сом акча каражатын төмөндөгүдөй статьяларга бөлүп иштетүүгө уруксат берилсин:
а) Аппарат бөлүмүнүн 2221 статьясына 51,8 миң сом.
б)Айылдык кеңеш бөлүмүнүн 2215 стаьтясына 50,0 миң сом, 3112 статьясына 250,0 миң сом.
в) ЖКХ бөлүмүнүн 2215 статьясына 1500,0 миң сом, 2221 статьясына 530,0 миң сом, 2222 статьясына 150,0 миң сом, 3111 статьясына 1200,0 миң сом, 70921 бөлүмүнүн 2221 статьясына 214,0 миң сом, 3111 статьясына 210,0 миң сом, 3112 статьясына 250,0 миң сом , 70911 бөлүмүнүн 3112 статьясына 100,0 миң сом.
Жалпысы болуп баары 4505,8 миң сом.
2.Бөлүнгөн бул суммалардын максатуу пайдалануусун көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин бюджет боюнча төрайымы Г.Темиркановага жана бюджет комиссиясынын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Молдоев |