Редакцияот 25.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

2023-жылдын 25-февралы № 11/ 14

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылынын тургундарынан

келип түшкөн билдирүүсүн кароо жөнүндө

 

Сары-Колот айыл аймагынын Ак-Колот айылынын ата-энелеринин суроо талаптарынын, кайрылууларын эске алып, мектеп жашына чейинки балдарга билим- тарбия берүү максатында айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери жана этика комиссиясынын чечимдерин угуп,талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Сары-Колот айыл аймагынын Ак-Колот айылынын ата-энелеринин суроо-талаптарын канааттандыруу максатында 2 тайпага ылайыкташтырылган 60 орундуу үй шартында (айылдын тургуну Тиленов Ураимдин бош турган үйүндө) бала бакча ачууга уруксат берилсин.

2.Ак-Колот айылында үй шартында бала бакчага чыгымдалуучу чыгымдар эки тараптуу келишимге ылайык жүргүзүлсүн.

3. Ак-Колот айылындагы ачыла турган бала бакча үчүн штат бирдиктерин чечип берүү жагы Кара-Суурайондук билим беүү бөлүмүнөн суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин «Жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча» туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Молдоев