САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 11/ 15
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок
көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Сары-Колот айылындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө элдик жыйындын протоколунун жана Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесин негиз кылып Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Сары-Колот айылындагы аты жок № 24 көчөсүнө Мамаджанов Мамыржандын үйүнөн Канаев Жыргалдын үйүнө чейинки аралык ардагер мугалим маркум Жалиев Эркинбайдын аты ыйгарылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Молдоев |