Редакцияот 12.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

2023-жылдын 12-сентябры № 13/2

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылынын тургуну

Орозов Кылычтын билдирүүсү жөнүндө

 

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн “Тажибай-Ата” бала бакчасына мал чарбасын кармап балдарга сүт жана эт өндүрүү үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү айыл тургуну Орозов Кылычтын жазган билдирүүсүн угуп , талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы “Тажибай-Ата” бала бакчасына мал чарба кармоо үчүн жер ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана жер адисине сунушталсын.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Молдоев