САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 14/1
“Административдик аймактык реформа” жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Кочкорбаев Нурлан Расуловичтин Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын айылдык аймактар деңгээлинде жүрүп жаткан административдик аймактык реформанын жүрүшү боюнча түшүндүрмөсүн угуп талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын айылдык аймактар деңгээлинде жүрүп жаткан административдик аймактык реформанын жүрүшүнө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук мамлекеттик
администрациясына берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана тиешелүү туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Молдоев |