САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 25-декабры № 16/5
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер адиси З. Реджаповдун билдирүүсүн
кароо жөнүндө
Сары-Колот айылынын тургундарынын 2008-жылы берилген жер участокторунун башкы планына өзгөртүү киргизүү боюнча жер адисинин билдирүүсүн угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Сары-Колот айылындагы шифр 31/08 башкы планына өзгөртүү киргизүү жагы Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
2.Башкы планга өзгөртүү киргизүү боюнча иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси жана “Ош-Проект-Строй” ЖЧК сынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Колот айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Молдоев |