Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 652 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасындагы корпоративдик топтолмо
пенсиялык фонддор жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддорду түзүүнүн, уюштуруунун, иштешинин, башкаруунун укуктук негиздерин аныктайт.
2. Корпоративдик топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары - фонд) жумуш берүүчү менен фонддун же ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучу компаниянын ортосунда түзүлгөн корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимдерине ылайык эмгек жамаатынын мүчөлөрүн кошумча мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу негизде түзүлөт.
3. Фонд бир тармактын бир же бир нече юридикалык жактары тарабынан өздөрүнүн кызматкер-катышуучулары үчүн түзүлөт. Тармактык белгиси боюнча фонддор белгилүү тармактын өкүлү болгон уюмдар, ассоциациялар же мекемелер тарабынан түзүлөт жана ошол тармактагы кызматкерлерди пенсия менен камсыз кылууга багытталат.
4. Фонддун иши Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына, топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, ушул Жобого, ошондой эле фонддун уставына жана эрежелерине ылайык жөнгө салынат.
5. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
корпоративдик пенсия менен камсыз кылуу келишими - бир тараптан фонддун же башкаруучу компаниянын жана башка тараптан аманатчынын (мындан ары - аманатчы) ортосунда аманатчынын пайдасы үчүн түзүлгөн макулдашуу, ага ылайык аманатчы корпоративдик пенсиялык төгүмдөрдү фондго же башкаруучу компанияга төлөп турууга милдеттенет, өз кезегинде фонд же башкаруучу компания катышуучуга корпоративдик пенсияны төлөөгө милдеттенет;
корпоративдик пенсиялык программа - уюм тарабынан иштелип чыккан, кызматкердин корпоративдик пенсия алуу укугуна ээ болуу шарттарын, пенсиялык программаны каржылоо шарттарын, пенсиялардын өлчөмүн аныктоо тартибин, ошондой эле кызматкерлерди мамлекеттик эмес корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелерди бекитүүчү мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу системасы;
укук улантуучу - катышуучу өлгөн учурда пенсиялык келишимдин шарттарына ылайык белгиленген тартипте сатып алуу суммасы төлөнүп берилген катышуучу көрсөткөн жеке жак (жактар);
кызматкер - жумуш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган жеке жак;
жумуш берүүчү - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кызматкер менен эмгек мамилесине кирген юридикалык жак/уюм, анын ичинде акционердик коомдор;
башкаруучу компания - кардардын кызыкчылыктарында жана эсебинен инвестициялык активдерди, анын ичинде пенсияларды ишенимдүү башкарууну өзүнүн атынан жүзөгө ашырган, фонд тарабынан конкурстук негизде тандалып алынган баалуу кагаздар рыногунун кесипкей катышуучусу;
устав жана пенсиялык эрежелер - фонддун ишинин тартибин жана кошумча мамлекеттик эмес корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимдери боюнча фонддун милдеттенмелерин аткаруу шарттарын аныктаган фонддун уюштуруу документтери.
Ушул Жободо колдонулган башка түшүнүктөр жана терминдер "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган маанилерде колдонулат.
2. Фондду уюштуруунун жана иштөөнүн
негизги жоболору
6. Фонддун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) корпоративдик пенсия менен камсыз кылууну уюштуруу жана ага кызматкерлерди катыштыруу, пенсияга чыгууда кызматкерлердин социалдык корголуусун жогорулатуу;
2) корпоративдик пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишимдерге ылайык катышуучулардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу, корпоративдик пенсияны берүү;
3) мыкты натыйжаларга жетүү, жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана кармоо үчүн иштердин жагымдуулугун жана кызматкерлердин шыктануусун жогорулатуу;
4) уюмдун финансылык туруктуулугун камсыз кылууга, кесипкөй, күчтүү команданы түзүүнүн эсебинен иштердин майнаптуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
7. Жумуш берүүчүнүн корпоративдик пенсиялык программасы корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жайылтылган кызматкерлердин категорияларын, пайдаланылуучу пенсиялык схемаларды/пландарды, пенсиялык программаны каржылоо булактарын, корпоративдик пенсиялык камсыз кылууну жүзөгө ашырган фонддун же башкаруучу компаниянын кызматкерлерге карата жайылтылган пенсиялык планынан көз каранды кызматкерлердин пайдасына жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү пенсиялык төгүмдөрдүн өлчөмүн жана мезгилдүүлүгүн, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуунун башка шарттарын белгилейт.
8. Жумуш берүүчүнүн корпоративдик пенсиялык программасы ыктыярдуу топтолмо пенсиялык камсыздандыруу эрежелерине жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылууну жана пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу фонддун же башкаруучу компаниянын пенсиялык схемаларына карама-каршы келе албайт.
9. Фонд аманатчыларынын, катышуучуларынын жана камсыздандырылган жактардын алдындагы өз милдеттенмелерин эсепке алууга жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын өзүнчө эсепке алууга милдеттүү.
10. Аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган жактардын укуктары жана милдеттери ушул Жобо, топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү мыйзамдар, фонддун эрежелери жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө келишим менен аныкталат.
11. Фонд пенсиялык топтомдорду инвестициялоо маселелери боюнча өз укуктарын топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат, аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбайт.
12. Фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башкаруучу компания менен ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө укуктуу. Башкаруучу компания өз ишин ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
13. Фонддун иши жөнүндө отчетту берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногу жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленет.
3. Фонддун ишинин эрежелери
14. Корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча фонддун ишинин эрежелери ушул Жобого ылайык иштелип чыгат жана фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. Фонд уюмда иштеген белгилүү эмгек стажы бар кызматкерлердин катышуу шарттарын белгилөөгө укуктуу.
15. Фонд белгилүү бир убакытта же өмүр бою же энчилүү пенсиялык эсептеги каражаттар түгөнгөнгө чейин корпоративдик пенсияны алуу үчүн, ошондой эле пенсияларды төлөөнүн мезгилдүүлүгү - ай сайын, квартал сайын, жарым жылдык, жылдык жана башка варианттар боюнча катышуу шарттарын камтыган пенсиялык схемалардын ар кандай түрлөрүн иштеп чыгат жана кызматкерлерге сунуштайт. Фонд белгилүү мөөнөткө пенсиялык схемаларды иштеп чыгууга жана алардын колдонулушун узартууга укуктуу. Пенсиялык схемалар кызматкерлердин катышуу шарттары, пенсиялык төгүмдөрдүн өлчөмү жана мезгилдүүлүгү, корпоративдик пенсияны төлөө шарттары жана узактыгы, ошондой эле пенсиялык схемага катышууну токтотуу шарттары, кесепеттери жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылуунун башка аспекттери жөнүндө жалпы маалыматтарды камтыйт.
16. Иш берүүчү тарабынан түзүлгөн корпоративдик топтолмо пенсиялык фонд өзүнүн ишинин түрүн, анын ичинде кайра уюштуруу аркылуу да ишинин түрүн өзгөртө албайт жана акционердик коомдор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
17. Фондду түзгөн уюм (мекеме) анын талаптагыдай иштөөсү жана анын катышуучуларынын пенсиялык активдеринин фонд тарабынан пайдаланылуучу башкаруу түрүнө карабастан башкаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
18. Фонддун уставдык капиталы бардык катышуучулардын алдында өз милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу үчүн жетиштүү активдерди камсыз кылууга тийиш.
19. Пенсиялык активдерди башкаруудан фонд тарабынан алынган бардык кирешелер анын катышуучуларынын менчиги болуп саналат.
20. Фонд лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү лицензияларды алган шартта же башкаруучу компания менен ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү аркылуу башкаруучу компания аркылуу пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоону өз алдынча жүзөгө ашырат.
21. Пенсиялык топтомдордун каражаттары пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо үчүн уруксат берилген активдерге гана инвестицияланышы мүмкүн.
22. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкарууга берүү аларга менчик укугунун башкаруучу компанияга өтүүсүнө алып келбейт. Башкаруучу компаниянын мүлкү фонддун мүлкүнөн обочолонууга тийиш.
23. Фонд аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн пенсиялык резервдерди түзөт.
24. Кызматкерлердин катышуусу үчүн фонд корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча келишимди иштеп чыгат жана уюмдун кызматкерлерине берет. Корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимине кызматкер жана фонд кол коет. Келишимде тараптардын укуктары жана милдеттери, пенсиялык топтомдорду түзүү жана пайдалануу тартиби аныкталууга тийиш.
25. Келишимге кол коюлгандан жана фондго пенсиялык чегерүүлөр башталгандан кийин кызматкер катышуучу катары таанылат. Кызматкерди фонддун катышуучусу деп таанууда фонддо белгиленген тартипте катышуучунун энчилүү пенсиялык эсеби ачылат. Фонддун катышуучуларына пенсиялык төгүмдөрдү жүзөгө ашыруучу уюм аманатчы деп таанылат.
26. Корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу системасы иш берүүчүнүн корпоративдик пенсиялык схемаларды (тилектеш, жеке, паритеттик) тандоосуна негизделет.
27. Аманатчы жана/же катышуучу мезгил-мезгили менен белгиленген мөөнөттөрдө жана аныкталган өлчөмдөрдө тандап алынган пенсиялык схемага ылайык фондго корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарында каралган пенсиялык төгүмдөрдү төлөйт.
28. Фонд аманатчыдан биринчи пенсиялык төгүм фондго келип түшкөндөн кийин пенсиялык эсепти ачат. Фонд пенсиялык эсептен пенсиялык суммаларды катышуучулардын энчилүү пенсиялык эсептерине бөлүштүрөт. Фонддун катышуучуларынын энчилүү пенсиялык эсептери боюнча операциялар жөнүндө маалыматтар мезгил-мезгили менен белгиленген мөөнөттөрдө катышуучуларга, аманатчыга билдирилет.
29. Катышуучу эмгек акыдан үзгүлтүксүз төгүмдөрдү жүзөгө ашырат, аманатчы бул төгүмдөрдүн белгилүү бир бөлүгүн кармап калат жана фондго которот. Аманатчы кошумча каржылоону берген пенсиялык схемада катышуучулардын төгүмдөрү аманатчынын төгүмдөрү менен пропорционалдуу (эквиваленттүү) толукталат жана катышуучунун энчилүү пенсиялык эсебинде чагылдырылат.
30. Аманатчы жана/же катышуучу тарабынан пенсиялык төгүмдөрдү төлөөнүн узактыгы корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарына ылайык корпоративдик пенсияны төлөөнү камсыз кылуу үчүн жетиштүү пенсиялык сумманы түзүү мезгилине шайкеш келет.
31. Фонддун катышуучусу корпоративдик пенсияны көбөйтүү үчүн пенсиялык схеманын шарттарында каралган үзгүлтүксүз пенсиялык төгүмдөрдөн тышкары өзүнүн жеке каражаттарын кошумча салууга укуктуу. Катышуучу пенсиялык схема боюнча өзүнүн тандоосун өзгөртүүгө же корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарына ылайык пенсиялык схемага катышууну токтотууга укуктуу.
32. Мамлекеттик эмес пенсияны дайындоо жана төлөө шарттары пенсиялык схемага ылайык корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттары менен белгиленет. Катышуучунун корпоративдик пенсияны алуу үчүн кайрылуусу анда пенсиялык негиздердин бири келип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат.
33. Пенсиялык негиздер келип чыккандан кийин катышуучу корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарына ылайык корпоративдик пенсияны төлөөнү камсыз кылуу үчүн топтолгон сумманын жетиштүүлүгүнө байланышкан негиздерди көрсөтүү менен корпоративдик пенсияны дайындоо үчүн фондго арыз бере алат.
34. Корпоративдик пенсияны дайындоо жана төлөмдөрдүн башталышы корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат. Төлөмдөр бир жолку төлөмдөр же үзгүлтүксүз пенсиялык төлөмдөр түрүндө жана пенсиялык схеманын шарттарына ылайык башка формаларда жүзөгө ашырылат.
Катышуучуга дайындалган корпоративдик пенсиянын өлчөмү иш берүүчүнүн катышуучунун пайдасына төлөнгөн пенсиялык төгүмдөрүнүн, өз пайдасына аманатчы катары чыккан катышуучунун пенсиялык төгүмдөрүнүн катышуучунун эмгек акысынан түшкөн кирешелеринин жана көрсөтүлгөн каражаттарды жайгаштыруудан алынган кирешенин эсебинен төлөнгөн жалпы жыйынды көлөмүнө жараша эсептелген өлчөмдөн төмөн болбоого тийиш.
35. Катышуучу корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимин бузганда (анын ичинде иштен бошогондо) аманатчынын катышуучунун пайдасына фондго пенсиялык төгүмдөрдү которуусу токтотулат.
36. Катышуучу башка уюмдагы ишке өткөндө (же башка фондго өткөндө) пенсиялык төгүмдөр жана топтолмолор фонддун белгиленген эрежелерине, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарына ылайык башка уюмда (же фонддо) сакталат жана эсепке алынат.
Катышуучу корпоративдик фонду жок башка уюмга өткөн учурда катышуучу фонддун белгиленген эрежелерине, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарына ылайык төгүмдөрдүн жана топтолмолордун сатып алуу суммасын алууга тийиш.
37. Корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишими фонд тарабынан милдеттенмелер толук аткарылган, келишим бузулган, катышуучу каза болгон, фонд же аманатчы - юридикалык жак жоюлган учурда өз күчүн токтотот.
38. Корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимин колдонууну токтотууда фонд белгиленген мөөнөттө пенсиялык схеманын жана келишимдин шарттарына ылайык катышуучуга сатып алуу суммасын төлөйт же катышуучу өткөн фондго которот.
39. Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддорунун иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн башкаруучу компания, фонд жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
4. Пенсиялык төгүмдөрдү жана милдеттенмелерди
эсепке алуу
40. Фонддун же башкаруучу компаниянын эсепке алуу системасында кызматкердин пайдасына иш берүүчү тарабынан өз каражаттарынын эсебинен кызматкердин пайдасына төлөнгөн пенсиялык төгүмдөрдүн каражаттарын, кызматкердин эмгек акысынан түшкөн кирешелердин, ошондой эле көрсөтүлгөн каражаттарды инвестициялоодон түшкөн кирешелердин эсебинен төлөнгөн пенсиялык төгүмдөрдүн каражаттарын чагылдыруу үчүн энчилүү пенсиялык эсеп ачылат.
41. Иш берүүчү кызматкерге ушул Жобого ылайык аталган эсепти кызматкердин энчилүү пенсиялык эсеби катары идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттерди көрсөтүү менен ага энчилүү пенсиялык эсептин ачылгандыгы жөнүндө маалымдайт.
42. Өзүнүн каражаттарынын эсебинен төлөөгө жараша аныкталган пенсиялык төгүмдөрдү жана иш берүүчүнүн кызматкерлердин алдындагы милдеттенмелерин эсепке алуу фонд же башкаруучу компания тарабынан кызматкердин пенсиялык эсебинде анын эмгек акысынан түшкөн кирешелердин эсебинен түзүлүүчү мамлекеттик эмес пенсияны төлөө үчүн каражаттарды түзүүгө ыктыярдуу катышуу жөнүндө арыз берген кызматкердин пенсиялык төгүмдөрүн эсепке алуудан өзүнчө жүзөгө ашырылат.
43. Фонддун же башкаруучу компаниянын катышуучулардын алдындагы милдеттенмелери фонддун же башкаруучу компаниянын пенсиялык эрежелерине ылайык катышуучунун энчилүү пенсиялык эсебинде чагылдырылган маалыматтардын негизинде аныкталат.
5. Иш берүүчүнүн жана кызматкердин укуктары
жана милдеттери
44. Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлер менен кайра түзүлгөн өзүнчө келишимдер жөнүндө жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу фондго же башкаруучу компанияга маалымдоого;
2) ай сайын корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминде каралган тартипте жана өлчөмдөрдө кызматкердин пайдасына пенсиялык төгүмдөрдү эсептөөгө, ошондой эле аларды фондго же башкаруучу компанияга төлөп берүүгө;
3) эгерде иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда түзүлгөн өзүнчө макулдашуу менен башка тартип белгиленбесе, корпоративдик пенсияны төлөө үчүн каражаттарды түзүүгө ыктыярдуу катышуу жөнүндө арызды берген кызматкердин эмгек акысынан анын арызы боюнча пенсиялык төгүмдөрдү кармоого жана аларды фондго же башкаруучу компанияга которууга;
4) кызматкердин фондго же башкаруучу компанияга болгон укуктук талаптарын ишке ашыруу үчүн кызматкерлерди керектүү документтер менен, анын ичинде пенсиялык негиздемелердин бар экендигин тастыктаган документтер менен камсыз кылууга.
45. Иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн кызыкчылыктарын жана кызматкерлердин (мурдагы кызматкерлердин) кызыкчылыктарын фонддун же башкаруучу компаниянын алдына коюуга;
2) фонддон же башкаруучу компаниядан корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишими боюнча милдеттенмелердин толук көлөмдө аткарылышын талап кылууга;
3) фонддун же башкаруучу компаниянын иш-аракеттерине соттук тартипте даттанууга.
46. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эмгек акы кирешесинин эсебинен корпоративдик пенсияны төлөө үчүн каражаттарды түзүүгө ыктыярдуу катышуу макулдугу жөнүндө арызын иш берүүчүгө жана фондго берүүгө;
2) эмгек акы кирешесинин эсебинен корпоративдик пенсияны төлөө үчүн каражаттарды түзүүгө ыктыярдуу катышуудан баш тартуу жөнүндө арызды иш берүүчүгө берүүгө;
3) ушул Жобого жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимине ылайык иш берүүчүдөн кызматкердин пайдасына пенсиялык төгүмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын талап кылууга;
4) ушул Жобого, фонддун же башкаруучу компаниянын пенсиялык эрежелерине жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимине ылайык аны дайындоо укугу келген учурда корпоративдик пенсияны алууга;
5) фонддон же башкаруучу компаниядан ушул Жобонун, фонддун пенсиялык эрежелеринин жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарына ылайык корпоративдик пенсияны төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын талап кылууга;
6) ушул Жобонун, фонддун же башкаруучу компаниянын пенсиялык эрежелерине жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарына ылайык сатып алуу суммасын алууга же болбосо аны башка мамлекеттик эмес пенсиялык фондго же башкаруучу компанияга которууну талап кылууга;
7) иш берүүчүгө катышууну токтотуу жөнүндө арызды мындай катышууну токтотууга чейин 2 айдан кечиктирбестен берүү менен ушул Жобого ылайык өз ыктыяры менен фонддо өзүнүн катышуусун токтотууга.
47. Кызматкер өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга таасирин тийгизүүчү өзгөрүүлөр жөнүндө иш берүүчүгө жана фондго же башкаруучу компанияга билдирүүгө милдеттүү.
48. Кызматкер ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
6. Иш берүүчү кайра уюштурулган (жоюлган) учурда, ошондой
эле эмгек келишими бузулган (токтотулган) учурда
кызматкердин (кызматкер каза болгон учурда
укуктук мураскерлердин) укуктарын
ишке ашыруунун тартиби
49. Иш берүүчү кайра уюштурулган учурда ушул Жобо менен жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишими менен шартталган бардык милдеттенмелер, анын ичинде пенсиялык төгүмдөрдү төлөө боюнча анын укуктук мураскерине өтөт. Мында кызматкерлер үчүн ушул Жобо менен каралган корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишиминин шарттарынын начарлашына жол берилбейт.
50. Иш берүүчү жоюлган учурда ушул Жобого ылайык кызматкерлердин катышуусу токтотулат. Корпоративдик пенсияны төлөө үчүн түзүлгөн каражаттар жана аларды инвестициялоодон алынган кирешелер бул учурда иш берүүчү жоюлганга чейин колдонулган шарттарда фонддо же башкаруучу компанияда калат, иш берүүчүнүн пенсиялык төгүмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелеринен башкасы, алар иш берүүчүнү жоюу жол жобосу бүткөн күндөн тартып токтотулат.
51. Фонд же башкаруучу компания жоюлган учурда корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары пенсиялык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу, сатып алуу суммаларын төлөө, аманатчынын же катышуучунун тандоосу боюнча сатып алуу суммаларын башка фонддорго же башкаруучу компанияларга которуу, мындай тандоо болбогон учурда пенсиялык эрежелерде көрсөтүлгөн фондго же башкаруучу компанияга которуу үчүн пайдаланылат.
52. Фонд же башкаруучу компания жоюлган учурда милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары толук көлөмдө үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жөнгө салуучу мыйзамдардын алкагында берилген пенсиялык топтомдордун каражаттарынын көлөмүнүн чегинде милдеттенмелерди алат.
53. Фонд же башкаруучу компания жоюлган учурда милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын эсебинен аманатчылардын жана катышуучулардын талаптарын канааттандырууга жана мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын эсебинен камсыздандырылган адамдардын талаптарын канааттандырууга жол берилбейт.
54. Кызматкер менен эмгек келишими бузулган учурда жана ал жаңы жумуш берүүчү менен корпоративдик пенсияны дайындоо укугун берген ишти аткарууга келишим түзгөн учурда корпоративдик пенсияны төлөө үчүн түзүлгөн каражаттар жана аларды инвестициялоодон алынган кирешелер кызматкердин макулдугу менен 7 жумуш күндөн кечиктирилбестен жаңы жумуш берүүчүнүн пенсиялык эрежелеринде аныкталган фондго же башкаруучу компанияга берилет.
55. Корпоративдик пенсияларды төлөө үчүн түзүлгөн каражаттар жана аларды инвестициялоодон алынган кирешелер мындай учурларда көрсөтүлгөн кызматкердин пенсияга чыгуу укугу келип чыккан күндөн тартып кызматкерге (мурдагы кызматкерге) корпоративдик пенсияны төлөөгө жумшалат.
56. Корпоративдик пенсия дайындалганга чейин кызматкер каза болгондугуна байланыштуу эмгек келишими токтотулган учурда, топтолгон каражаттар жана аларды инвестициялоодон түшкөн киреше Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, фонддун же башкаруучу компаниянын пенсиялык эрежелерине, ошондой эле корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимине ылайык каза болгон кызматкердин мураскорлоруна өткөрүлүп берилет.
57. Пенсиялык топтомдун каражаттарын пенсиянын топтолмо бөлүгүн түзүүгө жумшаган аманатчы (катышуучу), камсыздандырылган адам каза болгондо, анын мураскерлери аныкталбаган учурда, фонд же башкаруучу компания алты ай өткөндөн кийин пенсиялык топтомду, анын ичинде аларды инвестициялоодон алынган кирешелерди, тиешелүү маалыматтар менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайтарып берет. Камсыздандырылган адамдын же аманатчынын (катышуучунун) каза болгондугу жөнүндө маалыматты камтыган документ пенсиялык топтомду берүүгө негиз болуп саналат.
58. Корпоративдик пенсиялык камсыз кылуунун пенсиялык келишими токтотулган учурда аталган келишимди токтотуунун негиздерине карабастан иш берүүчүнүн сатып алуу суммасын алууга укугу жок.
7. Фонддун бухгалтердик эсеби, отчеттуулугу жана аудити
59. Фонд "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана топтолмо пенсиялык фонддордун ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө тийиш.
60. Фонд ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10нан кечиктирбестен, топтолмо пенсиялык фонддордун ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга отчет берүүгө милдеттүү.
61. Фонддун иши жыл сайын милдеттүү аудиттен өткөрүлүүгө тийиш.
62. Фонддун финансылык отчеттуулугунун аудити аудитордук уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
63. Фонддун финансылык отчеттуулугун текшерүүнү жүзөгө ашыруучу аудитор фонддун, анын башкаруучу компаниясынын, депозитарийдин, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын аффилирленген жагы боло албайт.
64. Аудитордук текшерүүнүн натыйжалары топтолмо пенсиялык фонддордун ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.