Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-октябры № 652
Кыргыз Республикасындагы корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасындагы корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддорду өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-ноябры № 85 (3639) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |