Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-январы № 50-28
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин аткарууну жана 2023-2024-жылдарга карата орто мөөнөттүү бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө
Пландык-бюджеттик комиссиянын төрагасы Г.П.Нищуктун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 102675,2 миң сом өлчөмүндө (атайын каражаттарды эске алуу менен) бекитилсин:
Бюджет – 95375,2 миң сом.,
Атайын каражат – 7300,0 миң сом.
2. 2022-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 102675,2 миң сом өлчөмүндө (атайын каражаттарды эске алуу менен) № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2023-2024-жылдарга карата киреше бөлүгү боюнча божомол № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 102675,2 миң сом өлчөмүндө атайын каражаттарды эске алуу менен № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2022-жылга карата бюджет боюнча жүгүртүү кассалык нак акча 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Райондун бюджеттик мекемелеринин чыгымдарын каржылоо боюнча каражаттардын көлөмү сметалар боюнча катуу сакталашы жана ушул Токтом менен белгиленген чектеги иш-чараларга жана программаларга багытталышы керектиги белгиленсин.
7. Финансы бөлүмүнүн өндүрүштүк зарылдыгына байланыштуу, Бюджеттик кодекстин 109-беренесине ылайык кайра бөлүштүрүлгөн каражаттардын жалпы көлөмү финансылык жыл ичинде өз-өзүнчө бюджеттик каражаттарды ар бир башкы тескөөчү боюнча чыгымдардын жыйынды кирешесинен 5%дан ашпашы керек. Бюджетти аткаруу процессинде чыгашалар беренесинин ортосунда негизги топтор боюнча бөлүнгөн акча каражатын чыгашалар тобуна корголгон чыгашалар беренесин кыскартуусуз кайра бөлүштүрүү жүргүзүү укугу берилсин.
8. 2022-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараты, ТКЧ, китепкана, клуб боюнча штаттык тизими тиркемеге (штаттык тизим тиркелет) ылайык бекитилсин.
9. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2022-жылга карата жылпы чыгымдардын 1 пайыздык өлчөмүндө 953,8 миң сом болуп бекитилсин.
10. Балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен баланын ар бир келген күнүнө 18 сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
12. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |