Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-майы № 68-28
Кирешелер жана чыгашалар планын тактоо жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн ФЭБнын жетекчиси Ч.Д.Алымбаеванын 2022-жылдын I жырым жылдыгы боюнча кирешелер жана чыгашалар планын көбөйтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2022-жылдын I жырым жылдыгы үчүн планды тактоого байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча план көбөйтүлсүн:
Жеке киреше салыгы – 5000,0 миң сом.
Баары: 5000,0 миң сом.
2. 2022-жылдын I жырым жылдыгы үчүн атайын эсеп боюнча планды тактоого байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча план көбөйтүлсүн:
Мектепке чейинки мекемелер тарабынан кошумча кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөм 14232400-берене – 600,0 миң сом.
Баары: 600,0 миң сом.
3. Мындан улам бюджеттик эсеп боюнча төмөнкү бөлүмдөр боюнча смета көбөйтүлсүн:
ТКЧ 2215-б. – 2125,0 миң сом
ТКЧ 3111-б. – 1000,0 миң сом
Соц.жардам 2721-б. – 1875,0 миң сом
Баары: 5000,0 миң сом
Атайын эсеп боюнча 2218-б. – 600,0 миң сом.
4. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |