Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-июну №75-28
Сыйлоо жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн профсоюз комитетинин чогулушунун айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин 23-июнь Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин куну кесиптик майрамына байланыштуу сыйлоо жөнүндө протоколун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин бир жолку айлык акы менен сыйлоого уруксат берилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |