Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-июну № 76-28
“Action” (“Экшэн”) ЖЧК жөнүндө
“Action” (“Экшэн”) жоопкерчилиги чектелген коомунун катышуучуларынын Чечимин карап чыгып жана талкуулап, буга чейин 2021-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган № 239-27 токтомго ылайык жаңы токтом кабыл алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн “Action” (“Экшэн”) ЖЧКсынан суу мунарасын, бир скважинасы менен насосту танапташ аймагы менен муниципалдык менчикке кабыл алышы жактырылсын.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн “Action” (“Экшэн”) ЖЧКсынын суу алуучу жер участогун бөлүү иштерин жүргүзүшү жактырылсын.
3. “Action” (“Экшэн”) ЖЧКсынын от жагуучу имаратын социалдык, маданий, турмуш-тиричилик объектилери камтылган от жагуучу жайы менен көп кабаттуу турак үйүнүн курулушу үчүн өзгөртүү жактырылсын.
4. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине “Action” (“Экшэн”) ЖЧКсынын бир бөлмөлүү батирди бөлүп бериши жактырылсын.
5. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн “Action” (“Экшэн”) ЖЧКсына 2020-жылдын 28-декабрындагы № 209-27 токтомдун 14, 22-пунктарында көрсөтүлгөн (жер участогунун багытын өзгөртүү, жер казуу иштерин жүргүзүү) тарифтерди төлөөдөн бошотууга уруксат бериши жактырылсын.
6. “Аламүдүн долбоор” МИге долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга жана “Муницкурулуш” МИнин курулуш иштерине “Action” (“Экшэн”) ЖЧКсын тартуу сунушталсын.
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Action” (“Экшэн”) ЖЧКсы менен муниципалдык менчикке скважинаны, от жагуучу жай, балдар аянтчасы үчүн жер участогун, бир бөлмөлүү батирди өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзсүн.
8. Ушул токтом тиркемеси менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |