Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-июлу № 82-28
Жоболорду бекитүү жөнүндө
Жоболордун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Төмөнкү жоболор бекитилсин:
- “Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө” жобо;
- “Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бюджеттик субсидияларды берүү тартиби жөнүндө” жобо.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркемелер)
Төрага | А.П. Филимоненко |