Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-июлу № 84-28
Унаа токтотуучу жай жөнүндө
“Жомок-Аламүдүн” МЧББМнын директору А.Б.Эралиеванын катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн боз үйүн, чарбалык жана башка шаймандарын сактоо үчүн Чапаев көчөсү боюнча жайгашкан “Жомок” балдар бакчасынын жанында турган павильондор сатып алынсын.
2. “Жомок” балдар бакчасынын балдарынын коопсуздугу үчүн павильондордун ордуна ата-энелердин унаалары үчүн унаа токтотуучу жай уюштурулсун.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |