Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-октябры № 2479-VII
"Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү практикасы, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жана аны өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын 2023-жылга карата жылдык баяндамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 33-пунктуна жана 131-беренесине ылайык, "Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү практикасы, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жана аны өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекованын 2023-жыл үчүн баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекованын 2023-жылга карата жылдык баяндамасы эске алынсын.
2. Бир мандаттуу округдар боюнча бош калган мандаттарга шайлоолорду бир жылда бир жолу өткөрүү жөнүндө сунушту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин чыгып кеткен учурда, чыгып кеткендердин ордуна депутаттарды шайлоо өткөрүлбөй тургандыгы жөнүндө сунушту кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мыйзам чыгаруу сунуштарын андан ары ишке ашыруу максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |