Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-июлу № 87-28
М.Дюшембиеванын арызы боюнча
Аламүдүн айылынын тургуну М.Дюшембиеванын арызын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Садовое айылында н/ж аянты S=0,04га жер участогуна жеке турак жай курулушу үчүн курулуштун эскизин түзөтүү жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |