Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 628
Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 4401, 4403, 4407 коду менен классификациялануучу жыгачты жана жыгач материалдарын Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |