Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-июлу № 90-28
К.Э.Сооронбаевдин арызы боюнча
Аламүдүн айылынын Алма-Ата көч., № 485 үйүнүн тургуну К.Э.Сооронбаевдин контейнер сатып алуу жана орнотуу боюнча арызын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн боз үйүн, чарбалык жана башка шаймандарын сактоо үчүн контейнер сатып алуу жана Алма-Ата көч., № 485 үйүнүн тушуна орнотуу жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |