Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-2
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы аксакалдар сотунун жана аялдар Кеңеши тарабынан той марээкелердеги чыгымдарды кыскартыруу жана диний экстримизимге каршы күрөшүүдө алып барып жаткан иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн аксакалдар жана аялдар кеңештеринин төрагалары Н. Гуломидинов жана Х. Байназарованын маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы аксакалдар сотунун жана аялдар Кенеши тарабынан аткарылган иштери жөнүндө Н. Гуломидинов жана Х. Байназарованын маалыматтары эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн тургундарына тойлордо, маркумду акыркы сапарга узатуудагы чыгымдарды азайтуу боюнча айыл тургундары менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз алып барууда айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына, көчө жана аялдар комитеттерине тапшырылсын.
3. Кылмыштуулуктун алдын алууда жер-жерлердеги коомдук уюмдар, көчө комитеттери, жамааттар менен аялдар кеңеши жана аксакалдар соту тыгыз байланышта болуп, эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин, профилактиканы күчөтүп, иш алып баруу колго алынсын.
4. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түнкү күзөтүү уюштуруп аларга усулдук жардам көрсөтүү менен жаштар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин колго алып, тегерек столдорду, практикалык окуу-семинарларды уюштуруп, аларга адистерди чакыруу менен жаштарды кылмыштуулуктан кайтарууну бардык чараларын көрүү аялдар жана аксакалдар кеңештерине тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социадык-маданий жана депутаттык этика маслелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С.Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев. |