Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-3
Айылдык Кеңешинин сессиясына кароого киритилген айыл тургундарынын арыз-даттанууларын жана кайрылууларын кароодо, айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлерин айылдык Кеңештин сессиясына милдеттүү түрдө катышуусун камсыз кылуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңешине айыл өкмөтүнүн тургундары тарабынан жазылган арыз-датанууларын жана кайрылууларын суранычтарын өз убагында кароодо, мыйзамда белгиленген тартипке аткарууда сессияга С. Юсупова айыл өкмөтүнүн тийиштүү аппарат кызматкерлерин милдетүү түрдө катышуусу боюнча депутат А.Махмудовдун Ф.Сидиковдун билдирүүсүндө арыздануучулардын арызын канаттандырырлуу аткарууда ошол айылдын айыл башчысы тарабынан да жетишерлүү кошумча өз эки маалыматын берүүсү тууралуу сунуштарын угуп, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин эске алуу менен 15.07.2011-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 27- беренесинин 4- бөлүмүнү жетекчиликке алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Айылдык кеңешинин сессиясына кароого киритилген айыл тургундарынын арыз-даттанууларын жана кайрылууларын кароодо, айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлерин айылдык кеңештин сессиясына катышуусу милдеттендирилсин.
2. Айылдык кеңешинин ар бир кезектүү, кезексиз сессиялары өтүүчү күнү жана күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча сессияга чейин маалыматы айыл өкмөтүнүн башчысына жазма түрүндө билдирүү жагы жооптуу катчы Н.Кубатовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев. |