Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-7
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн тургуну Мамажанов Анарбайдын өзүнүн мурдатан бери жашап келе жаткан менчик 1686,18м2 жер аянтын жана турак үйүн өзүнүн атына мыйзамдаштырып берүү боюнча жазган арызы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн тургуну Мамажанов Анарбайдын өзүнүн мурдатан бери жашап келе жаткан менчик 1686,18м2 жер аянтын жана турак үйүн өзүнүн атына мыйзамдаштырып берүү жөнүндөгү жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын 08.10.2022-жылдын № 1- токтомунун негизинде депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн тургуну Мамажанов Анарбайдын өзүнүн мурдатан бери жашап келе жаткан менчик 1686,18 м2 жер тилкеси жана турак үйүн өзүнүн атына мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Мамажанов Анарбайдын 1686,18 м2 жер тилкесин жайгашкан турак үйүн мыйзамдаштыруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |