Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-9
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн № 46 үйүнүн тургуну Юлдашева Хайринсонын жеке менчик турак үйүнүн тамаркасы 800,0 м2 жеринин ичинен 200,0 м2 жеринде имарат бар ошол жердин багытын аялдар үчүн диний илим берүүчү медресе багытына өзгөртүрүү боюнча арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн № 46 үйүнүн тургуну Юлдашева Хайринсонын менчик турак үйүнүн тамаркасы 800,0 м2 жеринин ичинен 200,0 м2 жер тилкесиндеги имаратын аялдар үчүн динний илим берүүчү медресе багытына салуу өзгөртүрүү боюнча жазган арызында топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, айылдык Кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
4. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн № 46 үйүнүн тургуну Юлдашева Хайринсонын менчик турак жай тамаркасы 800,0 м2 жеринин ичинен 200,0 м2 жер тилкесиндеги имаратын аялдар үчүн динний илим берүүчү медресе багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
1. Юлдашева Хайринсонын менчик турак жай үйүнүн тамаркасы 800,0 м2 жеринин ичинен 200,0 м2 жер тилкесиндеги имаратын аялдар үчүн динний илим берүүчү медресе багытына өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |