Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-10
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын Навбахор көчөсүнүн «Тевет» каналынын ылдыйындагы жаңы чектеги көчөнүн атын өзгөртүп, Атаханов Гуламидин ажы ысмын ыйгаруу жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын Навбахор көчөсүнүн «Тевет» каналынын ылдыйындагы жаңы чектеги көчөнүн атын өзгөртүп, Улуу-Ата мекендик согушунун катышуучусу, эмгектин ардагери Атаханов Гуламиддин ажы ысмын ыйгаруу жөнүндө Октябрь айлынын Навбахор көчөсүнүн тургундарын 2022-жылдын 28-сентябрындагы №1- пртоколу жана айыл тургундарын арызын депутаттар тарабынан карап чыгылып, Октябрь айылынын Навбахор көчөсүнүн «Тевет» каналынын ылдыйындагы жаңы чектеги көчөнүн атын өзгөртүп, Улуу-Ата мекендик согушунун катышуучусу, эмгектин ардагери Атаханов Гуламиддин ажы ысмын ыйгаруу маселеси көчө тургундарын толук колдоосун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жылдагы №467 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обекттерди атоо, алардын аталыш өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобонун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.07.2022-жылдагы №387 сандуу токтомунун редакциясына ылайык) 12,19-пунктун жетекчиликке алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын Навбахор көчөсүнүн «Тевет» каналынын ылдыйында жайгашкан жаңы чектеги көчөнүн аты мындан ары Улуу-Ата мекендик согушунун катышуучусу, эмгектин ардагери Гуламиддин ажы Атаханов атындагы көчө деп кайрадан өзгөртүлсүн.
2. С. Юсупова айыл өкмөтү өзүнүн укуктук-ченемдик актыларында ушул токтомдон келип чыккан иш чаралардын негизинде жана электрондук базалык тутумдарына өзгөртүүлөрдү киритүүгө милдеттендирилсин.
3. Октябрь айылында жайгашкан Навбахор көчөсүнүн «Тевет» каналынын ылдыйындагы жаңы чектеги көчөнү Гуламиддин ажы Атаханов атындагы көчө деп өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу Араван районундагы бардык мамлекеттик мекемелерге айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн жөнөтүү С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Октябрь айылында жайгашкан Навбохор көчөсүнүн «Тевет» каналынын ылдыйындагы жаңы чектеги көчөнү Гуламиддин ажы Атаханов атындагы көчө деп өзгөртүүгө зарыл болгон бардык каражаттар Атахановдордун үй бүлөөсүнүн бюджетинин эсебинен каржыланышы белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев |