Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-12
Айыл өкмөтүнүн “Зилол-суу” ИСКАКБнын башчысы С.Ж.Нурдиновдун өздөрүнүн эсебинде турган трансформаторун РЭТтин эсебине өткөрүп берүү боюнча арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн “Зилол-суу” ИСКАКБнын башчысы Алыш Башы участкасындагы Пахпа-Арал скважинасынын жанында жайгашкан 160 квт № 226 трасформаторун ИСКАКБ нын эсебинин чыгарып, Араван РЭТ нин эсебине өткөрүп берүү боюнча жазган арызын ар тараптуу үйрөнүп чыгылып, айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Айыл өкмөтүнүн “Зилол-суу” ИСКАКБнын Алыш Башы участкасындагы Пахпа-Арал скважинасынын жанында жайгашкан 160 квт № 226 трансформаторун ИСКАКБ нын эсебинин чыгарып, Араван РЭТ нин эсебине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн “Зилол-суу” ИСКАКБнын Алыш Башы участкасындагы Пахпа-Арал скважинасынын жанында жайгашкан 160 квт № 226 трасформаторун ИСКАКБ нын эсебинин чыгарып, Араван РЭТ нин эсебине өткөрүп берүүдө ИСКАКБ нын кызыкчылыгын эске алып, мыйзам чегинде иш алып баруусу С.Нурдиновго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүнө жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев. |