Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-14
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн № 10- үйүнүн тургуну Наврузова Назирахандын жеке менчик 12,0 га мурдагы жаңгак бактын жер тилкесин багытын калктуу конуштар багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн № 10- үйүнүн тургуну Наврузова Назирахан Араван айылынын Мончоктөбө участкасындагы өзүнө тиешелүү болгон 12,0 га жаңгак бакты (жеке менчик туралуу Мамлекеттик акты бар) жаңгак бак 1970-жылда олтургузулганын билдирип, азыркы күндө каарып, сугат суусунун жетишсиздигинен кургап, кыйылып кеткендигин билдирип, аталган жерди айыл чарба багытынан айылдык конуш багытына өзгөртүрүп, (перепрофилирования) берүү боюнча руксат сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн № 10- үйүнүн тургуну Наврузова Назирахан Араван айылынын Мончоктөбө участкасындагы өзүнө тиешелүү болгон 12,0 га жаңгак багын айыл чарба багытынан айылдык конуш багытына өзгөртүрүп, (перепрофилирования) берүү боюнча руксат сурап жазган арызын кайрадан ар тараптуу мыйзам чегинде кароо жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айылдык Кеңештин Агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшрылсын.
2. Айылдык кеңештин Агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөтүнүн жер адистери биргеликте Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн № 10- үйүнүн тургуну Наврузова Назирахан Араван айылынын Мончоктөбө участкасындагы өзүнө тиешелүү болгон 12,0 га жаңгак бакты айыл чарба багытынан айылдык конуш багытына өзгөртүрүп, (перепрофилирования) берүү боюнча руксат сурап жазган арызы боюнча мыйзам чегинде карап чыгып, айылдык кеңештин кезектеги сессияларына кароосу сунушташсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |