Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-15
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М.Закиров көчөсүнүн тургуну Воисов Надирбектин Нобохор участкасындагы №517- контурундагы 0,45 га таштак жайыт жерини багытын мал короо курууга өзгөртүрүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М.Закиров көчөсүнүн № 22- үйүнүн тургуну Воисов Надирбек Араван айылынын Нобохор участкасындагы № 517-контурундагы 0,45га таштак жайыт жерини мал короо курууга багытын өзгөртүрүп, (перепрофилирования) берүү боюнча руксат сурап жазган арызында топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Араван айылынын М.Закиров көчөсүнүн № 22- үйүнүн тургуну Воисов Надирбек Араван айылынын Нобохор участкасындагы № 517-контурундагы 0,45га таштак жайыт жерини мал короо курууга багытын өзгөртүрүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Араван айылынын М.Закиров көчөсүнүн № 22- үйүнүн тургуну Воисов Надирбек Араван айылынын Нобохор участкасындагы № 517-контурундагы 0,45га таштак жайыт жерини мал короо курууга багытын өзгөртүрүү (перепрофилирования) маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |