Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-18
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү » № 4- мыйзамынын 3-беренесинн 2- бөлүмүнө ылайык айылдык Кеңешинин айымагына (1-2-4 топтогу мүлк салыгы ) мүлк салыктарын киритүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022- жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү » № 4- мыйзамынын 3- беренесин 2-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңешинин айымагына мүлк (1-2-4 топтогу мүлк салыгы ) салыктарын киритүү боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 16-декабрындагы № 023/22/01-4/7989-сандуу билдирүүсүн эке алып, айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Кыргыз Республикасынын 2022- жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү » № 4- мыйзамынын 3- беренесин 2-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңешинин айымагына (1-2-4 топтогу мүлк салыгы ) мүлк салыгын киритилсин.
2. Айылдык кеңештин аймагындагы калктуу конуштардагы тирикчилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгарууга ар бир кожолуктан 100(жүз) сомдон жана ишкана мекемелерден (менчик ишканаларда иштеген ар бир киши башына) 100 сомдон жыйын алынуусу белгиленсин.
3. Айылдык кеңештин аймагындагы айыл өкмөтүндө каттоодо турган аз камсыз болгон үй бүлөөлөр, майыптыгы бар кожолук башчылары тирикчилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгуу үчүн алынуучу жыйындан бошотулсун.
4. Айылдык кеңешинин аймагындагы калктуу конуштардагы мекеме ишканалардын тирикчилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгарууда алынуучу салыктары айыл өкмөтүнүн эсебине толук түшүүсүн жана аны мыйзамда белгиленген тартипте максатуу иштетилишин камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Бул токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңешенин экономика бюжет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |