Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-21
Бишкек шаарынын тургуну Чабаров Акылбектин Октябрь айылындыгы айыл чарба багытындагы жайыт жеринен 0,10 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын № 43 токтомунун негизинде чопо топурак казып алуу укугун сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Бишкек шаарынын тургуну Чабаров Акылбектин Октябрь айылындыгы айыл чарба багытындагы жайыт жеринен 0,10 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын № 43 токтомунун негизинде чопо топурак казып алуу укугун сурап жазган арызын карап чыгып, айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик,айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясыны арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Бишкек шаарынын тургуну Чабаров Акылбектин Октябрь айылындыгы айыл чарба багытындагы жайыт жеринен 0,10 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын № 43 токтомунун негизинде чопо топурак казып алуу укугун сурап жазган арызын кайрадан ар тараптуу мыйзам чегинде кароо жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айылдык Кеңештин Агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшрылсын.
2. Айылдык кеңештин Агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөтүнүн жер адистери биргеликте Бишкек шаарынын тургуну Чабаров Анын Октябрь айылындыгы айыл чарба багытындагы жайыт жеринен 0,10 га жер аянтын чопо топурак казып алуу укугун сурап жазган арызы боюнча мыйзам чегинде карап чыгып, айылдык кеңештин кезектеги сессиясында кароосу сунушташсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |