Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-23
Мангыт айыл өкмөтүнүн тургуну Сыдыков Искандар айыл өкмөтүнүн Көк-сарай участкасындагы № 70- контурундагы ыңгайсыз болгон жерден 0,65га жерге мал короо салып, сүт эт багытындагы мал багуу боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Мангыт айыл өкмөтүнүн тургуну Сыдыков Искандар айыл өкмөтүнүн Көк-сарай участкасындагы № 70- контурундагы ыңгайсыз болгон жерден 0,65га жерге сүт эт багытындагы мал багуу үчүн мал короо салуу боюнча жазган арызында топтолгон юридикалык документтери айылдык кеңештин агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөтүнүн жер адистери биргеликте үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн тургуну Сыдыков Искандар айыл өкмөтүнүн Көк-сарай участкасындагы № 70- контурундагы ыңгайсыз болгон жерден 0,65 га жерге мал короо салууга макулдук берилсин.
2. Мангыт айыл өкмөтүнүн тургуну Сыдыков Искандар айыл өкмөтүнүн Көк-сарай участкасындагы № 70- контурундагы ыңгайсыз болгон жерден 0,65га жерди мал короо салуу боюнча ижарага берүүдө С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөтүрүп, берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |