Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-24
Айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Ризаев Төлөнбай Октябрь айылындагы мурдагы таштандыларды таштоочу жердин алдынан 0,30 га жерди өздөштүрүп, сугат суу чыгарып, бак түгүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Ризаев Төлөнбай Октябрь айылындагы мурдагы таштандыларды таштоочу жердин алдынан 0,30 га жерди өздөштүрүп, сугат суу чыгарып, бак түгүү боюнча жазган арызы боюнча жазган арызында топтолгон юридикалык документтери айылдык Кеңештин агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөтүнүн жер адистери биргеликте үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306-токтомуну жетекчиликке алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Ризаев Төлөнбай Октябрь айылындагы мурдагы таштандыларды таштоочу жердин алдынан 0,30 га жерди өздөштүрүп, сугат суу чыгарып, бак түгүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Ризаев Төлөнбай Октябрь айылындагы мурдагы таштандыларды таштоочу жердин алдынан 0,30 га жерди өздөштүрүп, сугат суу чыгарып, бак түгүүдө ижарага берүүдө С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөтүрүп, берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |