Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-25
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Атаханов Нуриддин мурдагы талаа станынан сатып алган 500,0 0 м2 жер аянтын багытын турак жай багытына өзгөртүп берүү боюнча арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Атаханов Нуриддин мурдагы талаа станынан сатып алган 500,0 0 м2 жер жер тилкесин турак жай багытына өзгөртүрүп, (перепрофилирования) берүү жөнүндөгү жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 11-12-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.01.2020-жылдагы “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн обьекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №12-токтомунун жетекчиликке алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Атаханов Нуриддин мурдагы талаа станынан сатып алган 500,0 0 м2 жер жер тилкесин турак жай багытына өзгөртүрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Атаханов Нуриддин мурдагы талаа станынан сатып алган 500,0 0 м2 жер жер тилкесин турак жай багытына өзгөртүрүүдө С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөтүрүп, берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |