Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-29
С. Юсупова айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) уставын бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) төрайымы Байназарова Х тарабынан айыл өкмөтүнө долбор алкагында 140миң 500 АКШ доллары эсебинде айыл өкмөтүнө инвестиция тартылып жатканын билдирип, 2023-жылда аткарыла турган иштерге токтолду. айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) уставы бекитилсин. ( Уставы № 1- тиркемеге тиркелет)
2. С. Юсупова айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) аткара турган иштердин ( курулуш проэктерин сметасын) даярдоого айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 100 (жүз) миң сом ажыратылсын.
3. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставын тийиштүү юстициялык мекемелерден катоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев |