Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-30
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн № 4-мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Махмудова Днын аталган балдар бакчасынын эшик, терезелери жараксыз абалда болгондуктан аларды алмаштыруу максатында райондун өнүктүрүү фондуна 650,0 мин сомдук проэкт жазылып, айыл өкмөтү тарабынан салымын кошуусун сурап жазган арызы жөнүндө
С. Юсупова өкмөтүнүн № 4-мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Махмудова Днын аталган балдар бакчасынын эшик, терезелери жараксыз абалда болгондуктан аларды алмаштыруу максатында райондун өнүктүрүү фондуна 650,0 миң сомдук проэкт жазылып, айыл өкмөтү тарабын салымын кошуусун сурап жазган арызы боюнча айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова өкмөтүнүн № 4-мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Махмудова Днын аталган балдар бакчасынын эшик, терезелери жараксыз абалда болгондуктан аларды алмаштыруу максатында райондун өнүктүрүү фондуна жазылган проэктине айыл өкмөтүн 2023-жылдын бюджетинен 80,0 (сексен миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев |