Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-31
Айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Ташполотов Асилбектин Райондун борборундагы Эс алуу паркынан баштап, жаңы мостко чейин жолдун сол бетин автоунаалар убактылуу токтоочу (стоянка) ачып, айыл өкмөтүнөн ал жерди ижарага сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Октябрь айылынын тургуну Ташполотов Асилбек Райондун борборундагы Эс алуу паркынан жаңы моско чейин жолдун сол бетин автоунаалар убактылуу токтоочу (стоянка) кылып ал жерди айыл өкмөтүнөн ижарага берүүсүн сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Октябрь айылынын тургуну Ташполотов Асилбек Райондун борборундагы Эс алуу паркынан жаңы моско чейин жолдун сол бетин автоунаалар убактылуу токтоочу (стоянка) жай кылууга макулдук берилсин.
2. Октябрь айылынын тургуну Ташполотов Асилбек Райондун борборундагы Эс алуу паркынан жаңы моско чейин жолдун сол бетин автоунаалар убактылуу токтоочу (стоянка) кылуу жан ал жерди айыл өкмөтүнөн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |