Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-сессиясы
2022-жылдын 24-декабры № 6-32
Айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Шоиев Бехзодтын жеке менчик Нобохор участкасындагы 2,0 га багын ичинен 0,25га жерин багытын мөмө-жемиш кургатуучу жана сактоочу муздаткыч курууга өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Октябрь айылынын Нобохор көчөсүнүн тургуну Шоиев Бекзод өзүнүн жеке менчиги болгон 2,0 га бак жеринин ичинен 0,25 га жерин мөмө жемиш кургатуучу жана сактоочу муздаткыч курууга багытын өзгөртүп берүү боюнча макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, айылдык Кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Октябрь айылынын тургуну Шоиев Бекзод Араван айылынын Нобохор участкасындагы жеке менчик жалпы аянты 2,0 га болгон жеринин ичинен 0,25 га жерин багытын мөмө-жемиш кургатуучу, мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч курууда жер тилкесин кайра иштетүүчү ишкана багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Октябрь айылынын тургуну Шоиев Бекзод Араван айылынын Нобохор участкасындагы жеке менчик жалпы аянты 2,0 га болгон жеринин ичинен 0,25 га жерин багытын мөмө-жемиш кургатуучу, мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч курууга жер тилкесин өзгөртүрүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |