С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 7-сессиясы
2023-жылдын 17-январы № 7-11
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында жана айылдарында борбордук жолдорун тазалыгын сактоо, тартипке келтирүү жана түңкү жарыткычтарды орнотуу жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында жана айылдарында борбордук жолдорун тазалыган сактоо, тартипке келтирүү жана түңкү жарыткычтарды орнотуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан аткарылуу иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун сунушу угулуп, каралып чыгылып, сессияга катышкан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында жана айылдарында борбордук жолдорун тазалыган сактоо, тартипке келтирүү жана түңкү жарыткычтарды орнотуу боюнча аткарыла турган иштерин иш-планы иштелип чыгылып, аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандарга коопсуз болгон көчөлөрдөгү, борбордук жолдун четиндеги ишкана мекемелердин имаратын жанында (кургап калган, жана кооптуу болгон дарактар) жана түнкү жарыткыч орнотулуучу жайда жайгашкан кыйылуучу көп жылдык дарактардын санын жана дарегин тактап, тийиштүү ишканаларга кургап калган жана кооптуу болгон дарактарды кыюуу боюнча уруксат каттарын жөнөтүү жана аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
3. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында жана айылдарында борбордук жолдорун тазалыган сактоо, тартипке келтирүү, ишембиликтерди уюштуруу жагы С.Юсупова-Тазалык ишканасына жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ахматахуновго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |