Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2024-жылдын 08-июлу №2
Кашка-Суу айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен бекитилген жарандардын жер участокторунун аянттарын өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Жобонун 18-пунктуна ылайык, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 30-майындагы №01-12/49 токтому менен “Калктуу конуштун жерлери категориясына” которулган Кашка-Суу айыл аймагындагы 2004-жылы системалык каттоодон өтүп калган жарандардын жер участокторунун аянттары өзгөртүүсүз калтырылсын.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жага райондук жер комиссиясынан, кадастр мекемесинен жана райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткаруу жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнун башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө жана Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырам.
Төрага | А. Баатыркулов |