Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2024-жылдын 08-июлу №7
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 14151200 беренесинин (Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы) кирешесинен түшкөн 1 395 500 (бир миллион үч жүз токсон беш миң беш жүз) сом акча каражаты төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
-Аппарат бөлүмүнүн 2211 статьясына 35,5 сом;
-Башка категорияга таандык болбогон социалдык жайсыздык маселеси бөлүмүнүн 2215 статьясына 20,0 сом. (АДК (айылдык ден соолук комитети) колдоо үчүн 10,0 сом, Афган согушунун катышуучуларын колдоо көрсөтүү үчүн 10,0 сом);
-Мектеп бөлүмүнүн 2222 статьясына 400,0 сом. (“Кара-Кабак” орто мектебине ысык тамак үчүн 200,0 сом, Х.Базаров орто мектебине ысык тамак үчүн 200,0 сом) ;
-Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн 2222 статьясына 370,0 сом (Ачык-Суу, Сары могол каналына труба алууга 130, көчө жарыктарына 20,0 сом, Кашка-Суу айылындагы таза суу жетпей калган конушка таза суу тартуу үчүн таза суу түтүктөрүн алууга 120,0 сом);
2214 статьясына 80,0 сом (экскаваторго дөнгөлөк алуу).
-Бала бакча бөлүмүнүн 2222 статьясына 490,0 сом. (“Байчечекей- Кашка-Суу” балдар бакчасынын жаңы бүтүп жаткан имаратына килем, палас алууга 150,0 сом, “Жеткинчек-Ачык-Суу” балдар бакчасынын чатырын алмаштырууга материал алууга 140,0 сом. Балдар бакчаларынын ар түрдүү чыгымдарына 200,0 сом).
Жалпы 1 395 500 (бир миллион үч жүз токсон беш миң беш жүз) сом.
2.Токтомду аткаруу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Жалиловко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |