Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 26-июлу №3
Кашка-Суу айыл өкмөтүндө мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага пайдаланган жарандардын ижара келишиминин мөөнөтүн узартып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн кароо жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фонддун жерлерин (КБФ) убактылуу пайдаланууга алып, пайдаланып келген жарандардын жерлери Кыргыз-Кытай газ түтүгүнүн линиясына туура келип бирок компенсация алуу үчүн ижара келишимдеринин мөөнөттөрү бүткөндүктөн ижара келишимдеринин мөөнөттөрүн аукционго койбостон убактылуу пайдаланып келген жарандарга түз берүү жолу менен узартып берүүгө макулдук берилсин.
2.Жарандардын ижара келишимдерин түз берүү жолу менен узартып берүүгө жана жарандардын социалдык абалын жакшыртуу максатында Кыргыз-Кытай-Пайплайн Лимитет компаниясы тарабынан төлөнө турган компенсацияны жарандарга алып берүүгө жакындан көмөк көрсөтүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер комиссиясынан жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким М.Шамыркановдон суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы Г.Мадалиевге жана өзүмө калтырам.
Төрага | А. Баатыркулов |