Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 26-июлу №4
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылынын ички жолдоруна шагыл төшөөнү Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылынын ички жолдоруна шагыл төшөөнү Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.
2.Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |