Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 26-июлу №8
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
“Кашка-Суу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон, көп жылдык үзүрлүү эмгеги бар төмөндөгү атуулдарга “Кашка-Суу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
-Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондунун жетекчиси Жайчибеков Тайирбек Аскарович;
-Чоң-Алай райондук А.Молдоболотов атындагы ЖДПБ нын директору Бакиров Ысамидин Жаңыбаевич;
-Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Бакиров Рашидин Мамазакирович.
-Ардагер мугалим Маданов Мукаш;
- “Кыргыз почтасы ААК” жетекчиси Газыбеков Мухидин Аттокурович.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |