Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2024-жылдын 04-сентябры №3
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кабык”, “Кара-Кабак”, Х.Базаров орто мектептерин толук эмес комплектиленген мектептердин категориясына киргизүү жөнүндө
2024-2025-окуу жылында “Кабык” орто мектебинде 184 окуучу, “Кара-Кабак” орто мектебинде 143, Х.Базаров орто мектебинде 147 окуучу бар. Ар бир мектептеги классстарда бирден гана класс комплектиси пландаштырылган. Балдардын орточо саны ар бир класска 11-13 окуучуну түзөт. Айылдарда балдардын саны аз болгондуктан бул мектептердин класс комплектилери толук эмес болуп, жабылып калуу коркунучунда турат. Жергиликтүү шартты, айылдардын арасындагы аралыктын узактыгын эске алуу менен Кашка-Суу айылдык аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2024-2025-окуу жылында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кабык” “Кара-Кабак”, Х.Базаров атындагы орто мектептерди баланын саны аз комплектиленген мектептердин категориясына киргизүүнү камсыз кылуу жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевтен суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык коргоо, маданият, билим берүү, экология, спорт, туризм, жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |