Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2024-жылдын 04-сентябры №4
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга( трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын “Миң-Жар” участкасындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын № 109 контурунан 364,10 га жайыт, №110 контурунан 2,92 га кум, №280 контурунан 0,09 га жайыт, №281 контурунан 55,22 га жайыт, №282 контурунан 2,35 га жайыт, №284 контурунан 5,14 га жайыт, №291 контурунан 9,99 га жайыт, №283, №279, №285, №289, №292, №321 контурларынан жалпы 483,13 га кум, №487 контурунан 1077,06 га жайыт эсебинде турган жалпы 2000,0га жер аянтына күн электр станциясын куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |