Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-октябры № 651
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мекемелеринин жана ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мекемелеринин жана ишканаларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 10-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
1) тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Отуз-Адыр" мамлекеттик өндүрүштүк үрөнчүлүк ишканасын кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменттин алдындагы "Кыргыз сорт сыноо станциясы" мамлекеттик ишканасы;
2) тиешелүү функциялары жана штаттык саны, финансылык каражаттары жана материалдык-техникалык базасы менен "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институту" мекемесин кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту" мекемеси.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 23-тиркемесинде:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Институттун максаты мал чарбасы, жайыт жана тоют өсүмдүктөрүнүн селекциясы жаатындагы илимий-изилдөө иши, артыкчылыктуу багыттар, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн тиричилик аракетинин жана илдеттеринин молекулалык-биологиялык жана фундаменталдык негиздери боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат.";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасында молекулалык-клеткалык фундаменталдык илимди өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды жана программаларды аныктоо;
- ар кандай жол менен пайда болгон илдеттердин алдын алуунун, диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы илимий жана диагностикалык технологияларын, жогорку натыйжалуу биохимиялык жана молекулалык-генетикалык методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
- молекулалык-клеткалык биология жана фундаменталдык медицина маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын күч-аракеттерин координациялоо;
- фундаменталдык медициналык-биологиялык проблемалар боюнча эл аралык, республикалык, региондук программаларга, долбоорлорго жана илимий-изилдөө иштерине илимий экспертиза жүргүзүүгө катышуу.";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын жергиликтүү тукумдарынын моногендик жана көп факторлуу илдеттеринин өөрчүшүнүн молекулалык-генетикалык механизмдерине, генетикалык биотүрдүүлүгүнө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.".
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитүүгө ыйгарым укук берилсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу бардык чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКТБ) алдында Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтун түзүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 9-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 10-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. У. Жапаров |