Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-декабрындагы № 73
2023-жылдын 1-январынан баштап, мүлккө болгон салык төлөмдөрүн чогултуу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын 01.12.2022-жылдын № 06/1707 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин кириши жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пункиуна ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап, мүлккө болгон салык төлөмдөрү чогултулсун.
3. Токтомдун аткарылышы каржы –экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Кутмановага жана киреше боюнча башкы адис Ж.Асырановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго
жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Осмонов |