Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 634
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду корпоративдик башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында "мүчөлөрүнүн" деген сөз "мүчөсүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1-пунктта:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;";
- мамлекеттик тилдеги тексттин үчүнчү абзацында "Ревизиялык комиссиясынын (ревизорлордун) мүчөлөрүнүн" деген сөздөр "Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында "мүчөлөрүнүн" деген сөз "мүчөсүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 1-3, 6, 10-пункттарында "мүчөлөрүнүн" деген сөз "мүчөсүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
мамлекеттик тилдеги текстте "мүчөлөрүнүн" деген сөз "мүчөсүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдо (мындан ары - Маморган) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү объективдүү баалоо;";
- мамлекеттик тилдеги тексттин 7, 8-пункттарында "мүчөлөрүн" деген сөз "мүчөсүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин мамлекеттик тилдеги текстинин аталышында "мүчөлөрүнүн" деген сөз "мүчөсүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги тексттин 1-пунктунда "мүчөлөрүнүн" деген сөз "мүчөсүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 2, 3-пункттарында "ревизорлордун" деген сөз "ревизордун" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар (мындан ары - Маморган) жана коомдун Директорлор кеңеши тарабынан ушул Жобонун тиркемесине ылайык анкета боюнча жүргүзүлөт.";
- мамлекеттик тилдеги тексттин 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Маморган тарабынан эсептелүүчү баалоонун жалпыланган көрсөткүчү коомдун Ревизиялык комиссиясынын тийиштүү мүчөсүнө же болбосо ревизоруна карата толтурулган эки анкетанын ар бири боюнча баалоонун жалпы көрсөткүчтөрүнүн орточо арифметикалык мааниси катары эсептелет. Баалоонун жалпыланган көрсөткүчтөрүн эсептөө документ түрүндө таризделүүгө жана Маморгандын ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлууга тийиш.
Маморган жана анын кызматкерлери аларга берилген субъективдүү баалоонун жыйынтыктарын ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардан тышкары башкача түрдө колдонууга укуксуз.";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоонун жалпыланган көрсөткүчү жалпы кабыл алынган шкалага которулат:
0,9дан 1,0 чейин - "эң жакшы",
0,7ден 0,9 чейин - "жакшы",
0,5тен 0,7 чейин - "канааттандырарлык",
0,5тен төмөн - "канааттандырарлык эмес"
жана Маморган тарабынан төмөнкү максаттарда колдонулат:
- коомдордун акционерлеринин жалпы чогулушунда Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн (ревизорду) материалдык сыйлоо жөнүндө маселени демилгелөө;
- тиешелүү адамдын коомдун Ревизиялык комиссиясынын курамында же болбосо ревизору кызматында андан ары болуусу, башкача айтканда же аны жаңы мөөнөткө кайра шайлоо, же болбосо анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Ревизиялык комиссиянын (ревизордун) ишин жакшыртуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |