КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXVIII сессиясы
2024-жылдын 17-сентябрындагы № 28-48/2
Каракол шаарынын, Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын кыймылсыз мʏлктѳрʏ жана курулуштары менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 13-сентябрындагы чыг:№01-16-4571 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXVIII сессиясы,
- Каракол шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигине караштуу, Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аянты 38 148 га болгон жер тилкесин, кыймылсыз мʏлктѳрʏ жана курулуштары менен Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи орун басары Т.Ж.Асирдинова