КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXVIII сессиясы
2024-жылдын 17-сентябрындагы № 28-48/3
Имараттарды жана чарбалык максаттагы курулуштардын жер тилкесин Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 13-сентябрындагы чыг:№01-16-4571 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXVIII сессиясы,
- Каракол шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу “Чек ара кызматынын Ысык-Кѳл областы боюнча Байсары уулу Кыдыр аке атындагы (2028 аскер болугу) башкармалыгынын” Мекемесинин жалпы аянты 4,37 га болгон жер тилкесин, имараттары жана чарбалык максаттагы курулуштары менен, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи орун басары Т.Ж.Асирдинова